Показы: 54959
  • 679
  • 12
1 574 407KGS17 900USD
Позвонить

Hyundai Grandeur: 2017 г., 3 л, Автомат, Газ, Седан

Атка бергис кунан бар, кызга бергиз жубан бар. Ушул кара көйнөкчөн келин сатылат. Өзү 2017-жылкы. Аты Грая (Хюндай Грандеур). Быйыл 7жашка толду. Кырчын курак. Өзү Корея кызы бирок 7айдан бери кыргыз болуп калды. Айдаганга ыңгайлуу. Бир айдап алсаң кийин кайра-кайра айдагың келе берет. Анткени аз жеп, аз ичет. Мүнөзү да жакшы. Ишенимдүү дос. Алыс жолго чыкканда жолдо калтырбайт. Эң негизгиси сырга бекем. Ооз ачпайт ))) Өзүн тыкан алып жүргөн сырын айтайын: Зордуктабай жөөөн айдаса кыялын көрсөтпөйт. Бир жылда эки жолу бут кийим алып берсең жүрө берет. Жазда кышта. 6 айда бир жолу эки жагын карап сылап-сыйпап майлап койсо жайдары болуп калат. Жуучу болуп келип, 17900$ калыңын төлөп алып кеткиле. Жеке куржунга кат жазсаңар ошо жактан сүйлөшөбүз. Бөлүшүп койгула издеп жүргөн бойдоктор табышып алсын